super.kg logo

Базар-Коргондо 6 адамды бычактаган жарандын иши сотко өттү

 

Базар-Коргон районунда мурунку кайын журтуна мас абалында барып, 6 адамды бычактаган 34 жаштагы жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө далалат кылуу) жана 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 246-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын сактоо) менен айыпталаган Б.М.нын иши Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна жөнөтүлүп, соттун өндүрүшүнө кабыл алынды. Соттук отурум райондук сотто 15-майда болот.

Эскерте кетсек, окуя 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында болгон. Анда мас абалында мурунку кайын журтуна барган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран мурдагы аялы 25 жаштагы Ж.Г. аттуу келинди жана анын ата-энесин, 6 жаштагы баланы бычактап, кийин жардамга келген эки кошунасына да бычак сайган. окуядан кийин кылмышкер из жашырып качып кетип, эртеси эртең менен кармалган. Ал эми кырсыктын кесепетинен окуя болгон үй ээлеринин коңшусу 33 жаштагы Б.Т. аттуу адам бычактан алган жаракатынан улам каза болуп, дагы 5 адам ооруканага жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: