super.kg logo

Депутат Рыскелди Момбеков: "Аткаруучулардын аты аталып, башкаруучулардын аты аталган жок"

 

Бүгүн, 10-майда ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. Ушул маселеге ылайык SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоого байланыштуу кемчиликтерди иликтеген депутаттык комиссия жооптуулардын атын атоодо саясий чайкоочулук кылып жатабы?" деген соболуна депутат Рыскелди Момбеков жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Момбековдун пикири боюнча, бул жерде саясий кызыкчылыктар бар, чыныгы тиешелүү адамдардын аты аталбай жатат. "Бул жерде чылкый саясат бар, аткаруучулардын аты аталып, башкаруучулардын аты аталган жок. ТВЕА менен келишимге барган адамдар жогору жакта турушкан, бүгүнкү күндө камалгандардын бардыгы аткаруучулар, алар эч нерсени чече алган эмес, жогору жактан кандай буйрук болсо, ошонун негизинде иш алып барышкан. Тилекке каршы, 7 адам камалып, жатат, чыныгы чындыкты мен башка жактан көрүп турам. Келишимге өкмөттүн аппаратында иштеген юридикалык бөлүмдүн башчысы, ошол кездеги экономика министри, тышкы иштер министри каршы болсо дагы ушундай келишим орун алган. 30дай адамдын тизмеси аздык кылат, бул жерде саясий кызыкчылык бар", - деди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Таалайбек Масабировдун жана саясат таануучу Даниел Кадырбеков менен мурдагы депутат Өмүрбек Абдырахмановдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.05.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Башкаруучулардын аты аталып эле атпайбы. Экс ажо туздон туз кийлигишкенин Масалиев айтып жатпайбы.Силер да башкаруучу топко киресинер. 30 депутаттын аттары аталып атпайбы, Кытайга барып, белек алып ойноп келген...
10.05.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атамбаевдин командасын баарын камап кустуруш керек мекен учун.
10.05.2018. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Момбековда Атамбвевдин кадры. Трибунада стратегиялык коркунучтуу проблемаларды чечбей дайыма жол ГАИ ушак, эми кычкачты суйлрйт.
10.05.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,кычкач 600$болуп атса анан проблема кылат да же силер без проблема аласынарбы 600$га.
11.05.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmaral, Кычкачты баарыбыз билип бутконбуз, Жогорку Кенеш деген жогорку мамлекеттик денгеелдеги маселелерди караш керек. Кычкачтын завышенный ценасы мамлекеттик коопсуздука коркунуч эмес, ошондуктан муну куч органдары баа берип жоопко тартат. Момбеков кредиттерди толоо, кимдер кандай шартта иштеткен, кимдер модерниз учун жооптуулар болгон ж.б маселени такташ керек болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: