super.kg logo

Иса Өмүркулов: "Көп акчанын артында көп киши турат"

 

Бүгүн, 10-майда ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. Ушул маселеге ылайык SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоого байланыштуу кемчиликтерди иликтеген депутаттык комиссия жооптуулардын атын атоодо саясий чайкоочулук кылып жатабы?" деген соболуна депутат Иса Өмүркулов оюн айтты.

Өмүркулов каражаттын кайда кеткенин иликтеп, саясий баа берүү менен калган ишти укук коргоо органдарына өткөрүп, иштин аткарылышын талап кылуу керектигин айтты.

"Бул жердеги маселенин бардыгы кредиттик каражатты кантип колдонгон, максаттуубу, пайдалуубу же бөлөк булактарга кеттиби деген нерседе. Бүгүн ачык-айкын изилдеп туруп чекит коюш керек, бул чоң акча, кийин кайра төлөп беришибиз керек. Терең ойлонгон кишиге бул акчанын баары кийин тарифтерге түшөт, тариф аркылуу ар бир жаран төлөөгө туура келет. Ошондуктан акча кайда кетти, кимдин күнөөсү бар, эмне үчүн ошол кезде ошондой чечим кабыл алынган, артында ким турганын ачыкташ керек. Биз саясий баа беребиз, калган ишти укук коргоо органдарына тапшырып, иликтеп чыгышына мөөнөт берип, талап кылабыз. Иликтөөдөн кийин дагы башка адамдардын аты аталышы мүмкүн, көп акчанын артында көп киши турат да", - деди Өмүркулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Таалайбек Масабировдун жана саясат таануучу Даниел Кадырбеков менен экс-депутат Өмүрбек Абдырахмановдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
10.05.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
100-150сун камап кустурсанар элдин чери жазылат эле.
10.05.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
аша, албек ибраев, иса өмүркулов, аскарбек шадиев, абдил сегизбаев ушулардан эч жакшылык күтпөгүлө
10.05.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча ырдап турган жерде, чындык ыйлап турат.
10.05.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иса Омуркулов биринчи сени чукуш керек. Шадиевден ашса ашасын бирок калбайсын. Эл душмандары созсуз камалатурган кун келет буйруса.
10.05.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Буларды кустурчу күн качан келет
11.05.2018. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл суйлосо да ушул суйлобой эле койсо болот эле. Баласы 3 адамды олтуруп кутулуп кеткенин элдин баары билет. Бет деле жок экен да...
Kattaldym түзөттү 2018-05-11 00:00:55
11.05.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебетесинен Эле айтып турбайбы кандай айбан экенин
11.05.2018. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасың,сен билесиңда,көп акчанын артында көп иш барын,сени да камаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: