Кикбокс боюнча Азия чемпиондугу: Авазбек Аманбеков атаандашына мүмкүнчүлүк калтырбай, жеңишти камсыздады











Бүгүн, 10-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчу Авазбек Аманбеков чемпиондукту багындырды.
57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Авазбек Аманбеков финалдык беттеште Ирак спортчусу Жасим Алмертая менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө ал атаандашына мүмкүнчүлүк калтырбай, калыстардын бирдей чечими менен чемпиондукту камсыздады. Муну менен Авазбек Аманбеков Азия чемпиондугунун 3 жолку чемпиону аталды.
Эске салсак, Авазбек Аманбеков 2013-жылы кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип, 2017-жылы Азия чемпиондугун жана жабык имараттагы Азия оюндарын утуп алган.
Авазбек Аманбеков Азия чемпиону болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
taalay25

10.05.2018. 18:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маралбек агайдын жемиши. 18-жыл мурда спорттон кетип тренерликке өткөн эле. Жыйынтык жакшы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.