Ысык-Көл. Караколдо мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди
23-июнь - КРнын мамлекеттик кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Буга карата бүгүн, 21-июнда Каракол шаарында 13 мамлекеттик кызматкер жана 7 юрист Ардак грамоталар менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын берген маалыматына таянсак, сыйлыкты өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Аскарбек Жаныбеков тапшырды. Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл облусунда учурда 1200гө жакын мамлекеттик кызматкер бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

