super.kg logo
  Спорт  

Өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбан алтын медаль үчүн күрөшөт

 

Бүгүн, 10-майда Өзбекстандын Ташкент шаарында өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.

Мелдештин алгачкы балбандар күнү грек-рим стилинде күч сынашып башташты. Анда Кыргыздын намысын коргогон балбан Акыйкат Кулжигит уулу 45 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, кытайлык, тайвандык, жана казакстандык балбандардын үстүнөн жеңишке жетип, финалга аттанды. Эми Кулжигит уулу финалда ирандык Мухаммедреза Дебозорги менен беттешмекчи.

Андан тышкары Кыргыздын 3 балбаны жарым финалдык бөлүктө атаандаштарынан жеңилип, коло медалдар үчүн күч сынашмакчы. Алар 55 килограммга чейинки салмак ченинде Бекболсун Тургумбеков, 60 килограммга чейинки салмак ченинде Эмирбек Садыров жана 92 килограммга чейинки салмак ченинде Аркыт Орозбеков.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

1-орун үчүн беттеш:

45 килограммга чейинки салмак ченинде: Акыйкат Кулжигит уулу - Мухаммедреза Дебозорги (Иран)

3-орун үчүн беттеш:

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекболсун Тургумбеков - Викас Викас (Индия);

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Эмирбек Садыров - Шень Цзя (Кытай);

92 килограммга чейинки салмак ченинде: Аркыт Орозбеков - Аброрбек Нурмухаммедов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: