super.kg logo

Астротөлгө: 11-майда төрөлгөн адамдар кандай болушат?

 

Бул күнү төрөлгөндөр абдан чынчыл, табияттан берилген бүт мүмкүнчүлүктөрүн колдонгон адамдар. Уюштуруучулукка, жаратуучулукка жөндөмдүү. Алдыда жолдорун кеңейтип бекем жана ишенимдүү келечек курууну каалашат. Моюнуна милдет жүктөлсө, аны аткармайынча жаны тынбайт, жоопкерчиликтүү жана өзүнө да ошондой мамилени каалайт. Адамдар менен тил табышууну, көйгөйлүү маселеден туура багытта чыгууну жакшы билет. Өзүнө жана алтынчы туюмуна ишенет. Бул күнү төрөлгөндөр 40 жаштан өткөндө адамдар менен өзгөчө эмоционалдык жакындыкты самай баштайт. Үй-бүлө жана балдары биринчи орунга чыгат. Бул адамдар сүйкүмдүүлүгү, харизмасы менен кесиптештер арасында, карьерасында да бат орун таап кетишет. Жетекчилик кызматтарда иштегенди жактырышат. Бирок команда менен иштешүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп көп адам менен иштегенге макул.

Жеке адам катары бул күнү төрөлгөндөр өзүнө ишенимдүү болгону менен, сүйүүдө көп алсыз жерлери бар. Көп өнөктөш менен мамиле куруудан сак болуңуз. Сүйүү үчүн курмандыкка бара аласыз, бирок сиздин ал үчүн жасаган курмандыктарыңызды билбеген адамга жакшылык кылбай эле койгонуңуз туура. Обу жок кызгангандан, ал сезимдерди сыртка чыгаргандан качыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2018. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А 12 майдан торолгондор кандай адамдар экен а?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: