super.kg logo

Александр Воинов: "УКМК менден кечирим сурады. Кармалды деген Рустам Воинов менин алыскы тууганым"

 

10-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Александр Воинов кармалганын кабарлаган. Кийинчерээк ал маалыматты УКМК төгүнгө чыгарып, Рустам Воинов жана экс-депутат Рустам Маманов кармалганын билдирген. Ал эми Александр Воинов тараган маалымат боюнча УКМК кечирим сураганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен учурда Ысык-Көлдө мелдеш өткөрүп жүрөм. УКМК кызматынан телефон чалып, мен жөнүндө туура эмес маалымат кетирип алышканын айтып, кечирим сурашты. Ал эми кармалды деген Рустам Воинов менин алыскы тууганым болот. Ал эмне менен алектенип жүргөнүн, эмне себептен камакка алынганы боюнча кабарым жок. Рустам балким күбө катары катышып жүргөндүр, ал үйүндө, эч нерсе менен алектенбей эле жүрчү. Андыктан шаарга барганда бул ишти териштирем. Мени камалды дегендер мага бир ооз телефон чалып, тактап алып маалымат берүүлөрүн суранам", - деди ал.

Эске салсак, УКМК экс-депутат Рустам Маманов менен Рустам Воинов кармалганын билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: