Темир Сариев: “Нарында гидроэнергетика тармагы биринчи планга чыкса, айыл чарба тармагын өнүктүрүү 4-орунга жылып калат”
Бүгүн, 21-июнда башталган “Теңир-Тоо” инвестиция форуму аяктады. Анда бир нече туристтик жана экономикага байланышкан маселелер талкууланды. Облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков жасаган докладында: “Жок дегенде 4-5 долбоорду облустун инвестициясын өнүктүрүүгө алып калсак”,- деген оюн айтты. Ал эми Темир Сариев: “Биринчи орунда Нарын облусунда республикалык деңгээлдеги гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү турат. 2-орунда тоо кендерин жана кен байлыктарды иштетүү үчүн инвесторлорду тартышыбыз керек. Ал эми 3-орунда инфраструктураны өнүктүрүү, андан кийин 4-орунда айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу турат”, деген оюн айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

