super.kg logo

Нарында сот апасын бир нече жолу сабап жүргөн жигитке 5 миң сом айып салды. Эне уулуна жеңил жаза берүүнү өтүнгөн

 

Нарын шаардык соту апасын сабап жүргөн 23 жаштагы Акматка (аты өзгөртүлдү) карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Аны эмнеге айыптап жатат?

Акмат 2017-жылдын 11-сентябрында, 7-ноябрында, 9-декабрында, ошондой эле акыркы жолу 2018-жылдын 31-январында 53 жаштагы апасы Батманы (аты өзгөртүлдү) сабаган деп айыпталган.

Айыпталуучу Акмат эмне дейт?

Акмат айыбы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алып, апасынан кечирим сурап, кылган ишине өкүнүп, мындан ары апасынан бөлөк жашаарын, өзүнчө иштеп, турмушун уланта турганын, апасына барбай тургандыгын, анын тынчын албасын, мындай болуп кетет деп ойлобогонун, өкүнгөнүн айтып, соттон мыйзам чегинде жеңил жаза берүүсүн өтүнгөн.

Жабырлануучу Батма эмне дейт?

2018-жылдын 31-январында алар жашаган үйдө баласы Акмат аны эртең мененки убакыттан түшкө убакытка чейин уруп-сабаганын, бул биринчи жолу эмес экенин, мурдатан эле дайыма уруп-сабап келгенин билдирген. Уруштун баары машинанын айынан башталганын айткан. Алар мурда лотореядан автоунаа утуп алышканын, аны уулу Акмат айдап жүргөнүн, кийин кылмыш жасап, камакта отурганда автоунааны үйгө алмашканын билдирген.

Учурда ошол үйдө жашашат, ага карабай “менин машинамды сатып жибердиң, кайра ордуна коюп кой” деп уруп-сабап келген. Батма милицияга да бир нече жолу арыз жазып кайрылып, кайра эле баласына боору ооруп, тосмо арыз жазып, текшерүүлөрдү кыскарттырып келген. Уулу Акмат милицияга келгенде “эми урбайм, тилдебейм” деп сөз берип, үйгө келгенде “сен алсызсың” деп ар кандай ыплас сөздөр менен сөгүп, кайра эле тынчтык бербей уруп-сабап жүргөн. Апасы бир нече жолу денесинен жаракат алып ооруканага жатып чыкканын, акыркы жолу ушул жылдын 31-январында да Акмат аны башка-көзгө койгулап, көп жолу уруп-сабаганын, денесинен жаракат алып ооруканага жатып чыкканын, ушул баласынан көп кордук көргөнүн билдирген.

Акмат үйдө уруш чыгарып, аны уруп-сабай берерин кошуналарынан эч ким көрбөгөнүн айтышкан. Анткени Батма аларды үйүнө жардам сурап чакырганда баласынан коркуп келишчү эмес. Үйдө 6-класста окуган кызы гана окуянын баарын көрүп, анын таламын талашып, "Тез жардам" чакырып, ооруканада карап жатканын айткан. Батма азыр да баласын кечиргенин, мыйзам чегинде жеңил жазалоону сурап, көрсөтмө берген.

Натыйжада

Сот Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп таап, 5 миң сом айып салган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(33)
11.05.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
тообо, жакамды кармадым. Эне байкуш кандай ой максат менен чонойтту, ошо баланы. мындай ХХХХХХХХХХХ Баардык адамдарга ыйман бере корунуз Кудай!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-11 11:45:42
11.05.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Апасына кантип кол которот экен айбанчылык.....
11.05.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эне баары бир тутпойт экен да. Оор жаза бериш керек болчу. Эртен сабап, олтуруп койсо тан калыштын кереги жок.
11.05.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кантсе да ЭНЕ да байкуш,ушунча токмок жеседа баласына женил жаза берууну сураныптыр.
А баласын озун ошентип сабаш керек!!!
И апасынын суранганына карабай камаш керек болчу!
Ким кепилдик берет дагы урбайт деп!?
Уйронуп калыптыр,бир куну майып кылып салбаса болгону...
Турмонуда коруп какбаш болуп калган бала экен.
Тооба кылдым жакамды кармадым...
Кудай сактасын ушундай уулдан барынан жогу жакшы!!!
11.05.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
конуз баласын аппагым дейт экен, АПА дайым баласын абайлайт экен, кээ бир акмак балдар, оз апасын сыйлабайт экен!!!
11.05.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Колун сынгыр,апана коргозгон кун озуно кацтып келсин ылайым...
11.05.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Пай пай пай эненин мееримин карачы энекен ушунча азабын которуп журот байкуш. Ата болгондо кечирбесе керек эле. Энендин меериминен айланган эшек карыганында коросун азабынды. Кудай тез эле башына салат. Соттолуп кетесин десе коркуп кечирим сурай калганын экинчи тийбейм деп. Кудайдын жазасынан коркбойсун. Милициядан коркуп окунуп калат.кудай баарыбызга ыйман берсин периштедей энелерибиз эч качан жапа чекбесин кайгырбашсын. Жуздорунон ардайм кулку кетбей жуздорунон бактылуулук нуру чачырап турсун.
11.05.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айбанчылык чынында апа деген атка зар болуп жургондор канча сот адилетсиз буйрук чыгарыптыр турмого отургузуш керек болчу бул акмакты
11.05.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Энесинин жашына жетеби ,жетпейби ?
11.05.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аиий.. ХХХХХХХХХ Ошол энесине которгон колун ХХХХХХХХХХ! Прям слов нету!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-11 13:03:13
11.05.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Энеге зарлар канча!
11.05.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Беш сом дейт кулкуну келтирип кайсы заманда жашап атабыз которбойсунорбу жуз минден башталса деле болмок
11.05.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаш кыздар тороп жатат десе корулдогон эркектер кана мына жердеги.ХХХХХХХХХХХХ Жаш кыз торосо кыз айыптуу экен эле.эми ким айыптуу.энеби?Акыркы учурларда адам баласы 4буттуу айбанданда жаман иштерди кылып жатат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-11 13:07:02
11.05.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне да байкуш.Акмат ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-11 13:07:12
11.05.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орустар экен Кыргызда мындай кылбайт болчу
11.05.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок окунучтуу ким болсо да.Бейиш эненин таманынын астында
11.05.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нарындан ким экен. Шыйрагын чагайын
11.05.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмат эмес Ахмак экен даана Нан кор бол Бир кун сенин башына тушот
11.05.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустар окшойт деп ойлоп койдум, эгер ислам дининен тушунугу болгондо мындай кылбайт эле.
11.05.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Энеге кол которгонду дарга асуу керек!!!Кудай албаган куучирен, кокмоо, айылда баг которуп Акыл айтчу карысы жок бекен, ортого салып, жжоготуш керек мындай чирик мээни, жалгыз уул бала окшойт, атасы да жок...
11.05.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХХХХХХ апаң тынч жашоо сурмок. Айбан акмакчылыктын жеткен чеги. Жер үстүндө кантип басып жүрөсүң ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-11 17:19:38
11.05.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх тообо ушундай дагы акмак адамдар болот экенда айбан эшек мал чочко ит дагы эмне деш керек экенин дагы билбей калдым олуп эле калса экен эненин кадырына жетип сыйлай албаган адамдан жакшылык кутбош керек эч качан бул эшектин жайы турмо башка баскан кадамы арам бул дагы бироосун олтуруп турмого тушот мындай адам келечегини ойлобогон кочонун баласы милициялар сабашты бекен ох менин колума тушуп калса бул дуйного келгенине нааразы кылдырмакмын итти
11.05.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата энесине кыйкырып суйлогон адамды коруп калсам кийин ошол адамга мамиле кылгым келбей калат бул акмакты карагылачы колун сынгыр ит
11.05.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апанынын "А" тамгасына садага болгур чочко
11.05.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колун сынгыр айбан!((((
12.05.2018. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
андайларды олкодон кууп чыгыш керек
12.05.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын тообо кылдым.Мындай уулдан барынан жогу.Пожизненно бериш керек эле буга срокту...Сот байке апаныз барбы сиздин...
12.05.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтар дүнүйө эртең бул нерсени өз балаңдан көрөсүң
12.05.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу редакция ушунчалык чыр чыгарбай, улутчулдукка келтирбей аттарын озгортпой, мн, ЧП дебей толук жазгылачы.
12.05.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне да байкуш эне
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: