super.kg logo

Кытайлык компания салып жаткан Бишкектеги Орозбеков көчөсү бүтө элек жатып талкаланууда (фото)

 

Бишкектеги Орозбеков көчөсү бүтө элек жатып талкаланууда. Ишти аткарып жаткан кытайлык "Чайна Роуд" компаниясынын кызматкерлери учурда жолдун четиндеги тротуардын бордюрларын чыгарып жатышат. Анда иштеген курулушчулардын үстүнөн байкоо салып жүргөн Кытай жараны иштин жүрүшү боюнча бизге маалымат берүүдөн баш тартты.

Орозбеков көчөсү Жибек Жолунан Саадаев көчөсүнө чейинки аралыгын оңдоо иштери 2017-жылдын март айында башталып, күз айларында колдонулуп баштаган. Бирок бордюрлардын сапаты начар болуп, талкаланып жатканын көрүүгө болот. Мындан улам кытайлык компания анын айрымдарын чыгарып салып, жаңысын коюуга камданууда.

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев SUPER.KG'ге жол пайдаланылып жатканы менен, толук аягына чыга электигин билдирди.

"Орозбеков көчөсү салынып бүтө элек, иш өз нугунда уланууда. Бирок жолдун таманы салынып калгандыктан машина жүргүзбөй коё албайбыз. Көпүрөсү дагы бүткөн эмес. Кетирилген кемчиликтер болсо, ишти аткарып жаткан тарап кайрадан оңдоп чыгат. Иш үстүндө техникалык кемчиликтер чыгышы мүмкүн. Бирок биз ишти талаптарга ылайык ар дайым так аткарабыз", - деди Эшенбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(5)
11.05.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мунун баарын коррупция дейт . Болунгон акчанын (гранд деп коебу эле) жарымын компония озу жейт , калганын биздин чиновниктер. Болгону 30 проценти жолго кетти , сапатсыз кылып бутуруп коюшат .
11.05.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чайна Роуд компаниясы Кыргызстанга жардам берейли деп салып аткан жок , акча табайын деп келди . Болушунча болунгон акчанын азын иштетип калганы ашырып калмай . Ошол компанияга уруксат берген чиновниктер алардан акча алат .
11.05.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эшшектер кар эригендей эле тез эрип жататкоо селердин асфальтынар. Кыздар бетин бойогондой эле шпаклевка тартып жататта КНР
11.05.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытай жакшылык кылбайт да
Жаман твеа менен иштешпей эле коюшса жакшы болмок
Atas түзөттү 2018-05-11 16:40:49
11.05.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жол салган чон сооп иш, ал эми жолдон жеген ото чон куноо иш. Эй "чондор", жегичтер, жебегиле! Озунор жыргап жашасанарда жакындарынардан же тукумунардан эбептен-себеп болуп терс жыйынтыгын корушунор толук мумкун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: