Тургундар Орозонун качан башталарын билбей жатышат. Муфтият Орозо календарын беките элек

Мусулмандар дин башкармалыгы Орозо календарын жана битир-садаганын өлчөмүн тактай элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
"Бул маселени муфтият эмес, аалымдар кеңеши чече турган болду. Алар Айдын чыгышына карата орозонун календарын түзүшөт. Анткени Ислам дининде Орозо айт күнү жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Бүгүнкү жыйында бул маселе так чечилет", - дейт басма сөз кызматы.
Бул арада орозо кармай турган тургундар анын качан башталарын билбей жатышканын билдиришүүдө.
Кошумчалай кетсек, коңшу Казакстанда орозо 15-майдан 16-майга караган түнү башталып, 14-июнда аяктайт. 15-июнда Орозо айт майрамы белгиленет. Мындай маалыматты казак басылмалары жазып чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
-2

Борбор калаага турк стилиндеги мечит эмес даана кыргыз колоритиндеги кыргызстандагы эн чоон мечит курулса жакшы болот эле