super.kg logo

Эртең Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолу жети саатка жабылат

 

Эртең Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолу 7 саатка жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-май күнү эртең мененки саат 9:00дөн 16:00гө чейин Бактуу-Долоноту айылынан Корумду айылына чейинки жол убактылуу жабылат. Мындай чектөө жөө жүлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган "Run the Silk Road" эл аралык марафонунун өтүшү менен байланыштуу. Ал эми бул марафонго ар кайсы өлкөдөн келген спортчулар катышат.

Башкармалык тургундарды күн мурунтан жолго чыгууну пландап алууну же болбосо "Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол" унаа жолу менен каттамга чыга берүүнү сунуштайт.

Айта кетсек, 12-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Run the Silk Road" эл аралык марафону 7-жолу өткөрүлгөнү жатат. Уюштуруучулардын айтымында, жөө күлүк, СССР спортунун эл аралык класстагы чебери Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган мелдешке 2 миңге жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Марафондо спортчулар 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97 метр аралыкка, 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка чуркап, күчүн сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: