Кыргыз кикбоксчу Юлия Борисова чемпиондук курду багындырды






Бүгүн, 11-майда кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчу Юлия Борисова чемпиондук курга ээ болду.
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алган Азия чемпиондугунда Борисова профессионалдык беттешке чыккан. Анда ал 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалдык кармашта өзүнүн атаандашы ирандык мушкер Фатимех Ализадейхти жеңип, чемпиондук курга ээ болду.
Айта кетсек, Чолпон-Атада өтүп жаткан Азия чемпиондугунда буга чейин Кыргыз спортчу Уланбек Касымбеков 54 килограммга чейинки салмак ченинде, ал эми Авазбек Акимов 57 килограммга чейинки салмак ченинде чемпион аталышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
FCB14

11.05.2018. 16:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АК аю не болду э
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.