super.kg logo

Чүйдө киши колдуу болуп каза болгон жаран менен кармалган адам карыз акчадан улам жаңжалдашкан

 

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кайырма айылында жансыз денеси табылган 32 жаштагы жарандын өлүмү боюнча бир нече себептер белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Жансыз денеси табылган жарандын өздүгү аныкталды. Ал 32 жаштагы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну У.З. аттуу жаран болгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде маркумдун жол тандабас унаасы айылдын четинен табылды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча кылмышка шектүү менен маркумдун ортосунда карыз акчадан улам жаңжал чыгып, мушташа кетишкен. Шектүү окуя болгон жерден из жашырып качып кеткендиктен, бүгүн ал Бишкек шаарынан колго түштү. Ал 24 жаштагы А.А. аттуу жаран болгон. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча тергөө иштери башталды", - деди маалымат катчы.

Айта кетсек, кечээ, 10-майда саат 18:10 чамасында Аламүдүн районундагы Кайырма айылынан жансыз дене табылган. Милиция маркумда киши колдуу болуп каза болгон белгилер бар экенин аныктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карыз акча алып убагында бербей, сурасаң кайра жаман көргөндөр тозокто күйсүн. Ошондо карыз берген өлдүбү же карыз алганбы, кандай болсода карыз алганда бет жок экенда убагында бербей өлүмгө чейин же кизген.
Adiletia түзөттү 2018-05-11 17:42:35
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: