super.kg logo
  Саясат  

Нарын. “Жогорку Нарын каскады” ЖАКы менен Нарын облусунун ортосундагы меморандумга кол коюлду

 

Бүгүнкү болуп өткөн Нарын облусундагы инвест-форумдун жүрүшүндө Нарын жергесине курулуп жаткан ГЭСтердин курулуш иштерине байланышкан маселелер да көңүл чордонунда турду. Баарыбызга белгилүү болгондой, мындай ири долбоорлордун өлкөгө тартылып келиши айрыкча Нарын облусунун экономикалык-социалдык абалынын жакшырышына өбөлгө түзөт. Бүгүнкү болуп өткөн форумду утурлай официалдуу түрдө “Жогорку Нарын каскады” жабык акционердик коомунун өкүлү Игорь Горбенко менен облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков ГЭСтердин курулуш иштерине жергиликтүү элди жумушка тартуу жана Нарындан өндүрүлгөн экологиялык  таза айыл чарба продукциялары менен азык-түлүктөрдү сатып алуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: