Ош шаарынын борбордук аянтын Кытай өкмөтү оңдоп-түзөөдөн өткөрөт
Ош шаарынын борбордук аянты капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин башталганына байланыштуу 2 айлык мөөнөткө жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулу SUPER.KG'ге кабарлады.
Анын айтымында, оңдоо иштерине шаардык мэрия тарабынан акча сарпталбайт. Кытай өкмөтү эки тараптуу кызматташуунун алкагында кайтарымсыз грант бөлүп, аянтты толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңы асфальт төшөп берет.
Ошондой эле Талант Канатбек уулу оңдоо иштери шаар тургундарына жана конокторго эч кандай тоскоолдуктарды жаратпай тургандыгын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
-2

Кытайлар бир кызарган жерди чоттоп анан кылышы мүмкүн.