super.kg logo
  Саясат  

Абакта жаткан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Жогорку Сотко арыз менен кайрылышты

 

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Жогорку Сотко арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

"Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдор 2-майда Жогорку Сотко көзөмөл арызы менен кайрылышты. Анткени үчөө тең төңкөрүш кылуу, бийликти басып алуу ойлору жок экенин башынан эле айтып келишкен. Бул жөн гана саясий куугунтук жана мурунку президенттин саясий оппоненттерине карата жасаган чабуулунун жыйынтыгы болду", - дейт Адил Турдукулов.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.

Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.

7-февралда райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: