super.kg logo
  Саясат  

Депутат Карамат Орозова: "Карызга алынган акчанын ар бир тыйынын көзөмөлдөп туруу зарыл"

 

Сырттан келген насыялардын кандай пайдаланылгандыгы боюнча ири долбоорлорду ЖЭБди жаңылоо сыяктуу текшерип чыгуу керекпи деген SUPER.KG порталынын соболуна КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова жооп берди.

Орозова карызга алынган акчанын ар бир тыйынын көзөмөлдөө керек деген пикирде.

"Жогорку Кеңештин эки ыйгарым укугу бар. Биринчиси - мыйзам чыгаруу, экинчиси - мыйзамдын аткарылышын көзөмөл кылуу болуп эсептелинет. Чоң долбоорлор мыйзам иретинде үч окуудан, тармактык комитеттерден өтөт. Ошондуктан кыргыздын жакшынакай макалы "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" болбостон, ушул чоң долбоорлорду мезгил-мезгили менен текшерип туруу зарыл. Текшергенде бир өңчөй депутаттардын курамынан эмес, өкмөт адистердин курамынан жумушчу топ түзүшү керек. Карызга алынган акчанын ар бир тыйынын көзөмөлдөп туруу зарыл", - деди Орозова.

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов, Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, "Kyrgyz Concept" туристтик компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: