super.kg logo

"Бакай Банк" жаңы кызмат сунуштайт: Эми ЭЛКАРТ картасын CONTACT системи аркылуу толтура аласыз

 

CONTACT эл аралык акча которуу системи кардарларга төмөнкү ыңгайлуулуктарды сунуштайт:

  • Акча которуу үчүн жеңил шарттар;
  • Акча которуудагы ылдамдык 20 мүнөттөн ашпайт. Эгер акча которулуп жаткан өлкө менен которгон өлкөнүн убактысы бирдей болбосо, бир аз узакка созулушу мүмкүн;
  • Коопсуздук атайын сыр сөз аркылуу сакталат. Аны бир гана акча которгон адам билет.

Ошондой эле, бул кызматтын алкагында кардарларга төмөнкү мүмкүнчүлүктөр берилет:

  • Накталай акчаны өзүнүн картасына которуу;
  • Накталай акчаны бирөөнүн картасына которуу;
  • Насыя төлөө;

Кыргыз Республикасындагы бардык карталар аркылуу төлөм жүргүзүүгө ылайыкталган. Кызмат үчүн акы которулган акчанын 1 пайызын гана түзөт.

Которууга мүмкүн болгон валюталар:

  • Рубль;
  • Доллар;
  • Евро;

Которулган акчанын суммасы 50 миң рубль же 5 миң доллардан (евро) ашпоосу кажет.

Акча каражаттарынын которуу мөөнөтү: 2 секунддан 5 күнгө чейин.

"Бакай Банк" ААКсынын башка акча которуу системдери менен http://www.bakai.kg/ru/private/transfer/ бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

"Бакай Банк" ААКсы 19 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн тургундарына каржы жаатында кызмат көрсөтүп келет. Азыркы учурда банктын 70 филиалы менен сатык кассалары өлкөнүн бардык аймактарында ыкчам жана ыңгайлуу шарттарда тейлөө жүргүзүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: