Ош шаарындагы 2 кичи райондо бала бакча курулууда
Ош шаарындагы Амир-Темир жана Ак-Тилек кичи райондорунда бала бакчалар курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жаңы 12 бала бакчанын долбоорун түзүшүүдө. “Азыр курулуштун программасын иштеп чыгуудабыз. Каражат бөлүнсө эле бала бакчаларды куруп баштайбыз”,- деди аталган башкармалыктын жетекчиси Абибилла Маматов.
Эске сала кетсек, 2012-жылы Ош шаарында жаңы курулган 3 бала бакча колдонууга берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
4

