super.kg logo
  Саясат  

"Сырттан алынган насыялардын жүрүшүн жыл сайын текшерип туруш керек" дейт мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев

 

Сырттан келген насыялардын кандай пайдаланылгандыгы боюнча ири долбоорлорду ЖЭБди жаңылоо сыяктуу текшерип чыгуу керекпи деген SUPER.KG порталынын соболуна мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев жооп берди.

Ал сырттан алынган насыяларды пайдаланууну сөзсүз текшерип туруу зарылдыгына токтолду.

"Сырттан алынган насыянын пайдаланылышы сөзсүз түрдө изилдениши керек. Изилдөө иши жыл сайын өтүшү зарыл. Күнүгө сырттагы температураны карагандай эле, насыялардын жүрүшүн дагы күн сайын карап, изилдеп, өлчөшүбүз керек. Дүйнөдө "PostNet benefits" деген чоң илим бар. Анда ар бир чыгашанын, төлөмдүн, баанын кайрылып келе турган натыйжасында пайдасы барбы же жокпу, кимге тиет деген маселелер каралат. Бирок бул бизде таанылбай, таратылбай жатат. Бийликтегилер өздөрү ошону жакшы көрө албай жатат", - деди Үмөталиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, Данияр Төлөновдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: