super.kg logo
  Саясат  

"Насыя алуу боюнча келишим нөлдөн башталганда өкмөттүн астында жумушчу топ түзүлүшү керек" дейт депутат Каныбек Иманалиев

 

Сырттан келген насыялардын кандай пайдаланылгандыгы боюнча ири долбоорлорду ЖЭБди жаңылоо сыяктуу текшерип чыгуу керекпи деген SUPER.KG порталынын соболуна "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев жооп берди.

Ал насыя алуу боюнча келишим түзүлгөндө өкмөттүн астында жумушчу топ түзүлүшү зарыл экенин айтты.

"Биздин өзүбүздүн каражатыбыз жок. Мындан улам сырттан насыя алыш керек болот. Анан биз Дүйнөлүк банк, Европалык өнүгүү жана реконструкциялоо банкы жана башка банктардан насыя алып жатабыз. Кытайдын Эксимбанкы 2 пайыз менен кредит берип жатат. Бизде бир тажрыйбасыздык бар. Келишим Жогорку Кеңешке келгенден кийин эл аралык келишимге такыр өзгөртүү киргизе албайбыз. Колдошубуз керек же колдобошубуз керек. Акча жоктугунан келишимди колдоп жатабыз. Ошон үчүн биринчи келишим нөлдөн башталганда өкмөттүн астында эл аралык келишимдерди даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлүшү керек. Ага Экономика министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Каржы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин дасыккан, эл аралык укук тажрыйбасы бар адистери кириши керек. Алынып жаткан бардык насыялар ачык-айрым болушу зарыл. Ким кол коюп, акча эмнеге жумшалып жатканы тууралуу маалыматтар ачык болуусу шарт", - деди Иманалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Данияр Төлөнов, Кожобек Рыспаев, мурунку экономика министри Эмил Үмөталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: