super.kg logo

Социалдык тармактар – кардар менен баарлашуунун таасирдүү ыкмасы

 

Социалдык тармактар – кардар менен баарлашуунун таасирдүү ыкмасы. Мисалы, сиздин канча аккаунтуңуз бар? Facebook барбы? Дагы Instagram да бардыр? Ал эми Одноклассники менен Twitter боюнча эмне дейсиз? О-о-о-о, ал эмес Вконтакте дагы барбы? Ошондой эле WhatsApp, Telegram мессенжерлери да бар. Азыр, эгер бир нерсе жөнүндө же бирөө жөнүндө бир нерсе билгибиз келсе, дароо эле гуглга кире калабыз да, аны социалдык тармактардан издей калабыз.

О! Мобилдик операторунун баракчалары Кыргызстандын Facebook, Instagram, Одноклассники, ВКонтакте, YouTube же Twitter сыяктуу популярдуу социалдык тармактарынан оңой эле табылат. Оператор эң популярдуу бардык платформаларда орун алган, ар биринде адистер менен түздөн-түз баарлашуу менен маселелерди ыкчам чечип алса болот. Заманбап турмуштагы call-борбордун толук кандуу альтернативасы болуп саналат.

"Соцтармактардагы биздин баракчалар бул күлкүлүү сүрөттөрдү гана жарыялоо эмес" деп жооп беришти компаниядан.

"Биринчи кезекте, социалдык тармактар баарлашуу үчүн түзүлгөн. Ар бир адамга өз суроосуна жооп алуусу керек экендигин түшүнүү менен ар бир окуяга жекече мамиле кылабыз. Биздин окурмандар продуктылар тууралуу маалыматты эле күтүшпөйт, алар бардык эле компанияларда бар. Күн сайын эле эмес, күнү-түнү да биз аудитория менен баарлашабыз, баракчаларга катталгандардан эмнеге кызыккандарын сураштырабыз. Биз ар түрдүү девайстар үчүн биздин автордук серептерди тапса боло турган YouTube платформасындагы каналыбызды өнүктүрүүгө аракет жасап жатабыз", - деп О! Мобилдик операторунун адистери белгилешти.

Бул чындыгында эле ыңгайлуу – мобилдик оператордун баракчаларына катталуу менен мобилдик байланыш тууралуу, тарифиңиз жөнүндө же кошулган кызматтар, акциялар жөнүндө кызыктырган суроолорду оңой эле берсе болот. Ошондой эле ал баракчаларда көптөгөн пайдалуу маалыматтар да орун алган, түрдүү конкурстар жана акциялар жүргүзүлүп турат – өзүңдүн жолдуулугуңду текшерип, смартфон утуп алса болот! Баса, дароо азыр « О! жарнамасынын каарманы бол» конкурсуна катышып, супер сонун Samsung Galaxy S9 флагманынын ээси боло аласыз.

Социалдык медиадан башка О! түйүнүнүн кардарлары күнү-түнү мобилдик кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. О! абоненттеринин күнү-түнү колдоо кызматы төмөнкү платфомаларда жеткиликтүү:

  • WhatsApp: + 996 705 070 700
  • Telegram: @Nurtelecom_bot
  • www.o.kg сайтындагы онлайн-чат

Бардык кызыктуу нерселерден кабардар болуңуз – О! Мобилдик операторунун баракчаларына катталыңыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
12.05.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер бир эле жарнаманы жайылта бербей,операторлорду да кобойткулочу!?Бир себеп менен чалайын десен эле эки саат куттурот.Ыкчам байланышуу учун акы толойсуз дегеничи.Силер эл учун иштеп жатасынар го?!А башка нерселери баары жайында эле баары ойдогудай.Айылдарга чейин 3Gжетти бул мактоого татыктуу.Бир эле жалоб ошол операторлордо да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: