super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кожобек Рыспаев: "Сырттан келген насыялар элдин моюнундагы акча болгондон кийин көзөмөлдөө зарыл"

 

Сырттан келген насыялардын кандай пайдаланылгандыгы боюнча ири долбоорлорду ЖЭБди жаңылоо сыяктуу текшерип чыгуу керекпи деген SUPER.KG порталынын соболуна КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев жооп берди.

Рыспаев алынган насыя кандай максатта колдонулуп жатканын текшерүү керектигин билдирди.

"ЖЭБди жаңылоо боюнча алынган насыяны текшерүү аягына чыга элек. Бул башталышы эле. Депутаттык комиссия текшерүү ишин бүткөнчө укук коргоо органдары, тергөөчүлөр 80 пайызын аныктап коюшу керек болчу. Депутаттар саясий гана баа бериши керек эле. Бул укук коргоо органдарынын, өкмөттүн шалаакылыгы же "карга карганын көзүн чокубайт" болгондугу деп ойлойм. Депутаттар укуктары жок болсо дагы тергөөчүнүн жумушун аткаргандай иштеп жатышат. Энергосекторго болгон сырткы карыз 1 миллиард 600 миллион доллар болгондон кийин мунун баарына мониторинг, анализ жүргүзүү шарт. Ошондой эле көз карандысыз эксперттердин, тергөөчүлөрдүн курамы менен комиссия түзүлүшү зарыл. Алынган насыялар элдин моюнундагы акча болгондон кийин текшерилиши керек", - деп белгиледи Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Данияр Төлөнов, Каныбек Иманалиев, мурунку экономика министри Эмил Үмөталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: