super.kg logo

Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушчулары кайрадан иш таштады

 

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушчулары кайрадан иш таштады. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинен өкүлдөр курулушчулар менен жеринен сүйлөшүүгө кеткенин аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, министрликтин Жол чарба департаментинин директору Балыкчы-Тамчы-Корумду жолундагы иш таштаган курулушчулар менен жолугушат.

"Курулушту жүргүзүп жаткан "Лонг-Хай" компаниясына министрлик тарабынан 99 миллион 300 миң сом төлөнүп берилген. Жалпысынан министрлик аталган компанияга 127 миллион сом карыз болсо, учурда 28 миллион сомдук карызы калган. Калган сумма төлөндү. Ал эми "Лонг-Хай" компаниясынын курулушчуларга карата бүгүнкү күндөгү карызынын суммасы 62 миллион 320 миң сомду түзөт. Департаменттин өкүлү компаниянын жетекчилери менен жолугуп, жумушчуларга эмне себептен маянасы төлөнбөй жатканын тактайт", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 2017-жылдын 1-декабрь күнү Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучуларына айлык акылар 4 айдан бери берилбей, алар митингге чыгышканын окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирген. Анда окурман Төрт айдан бери айлык акыбызды бербей жатышат. Ошол себептен жумушту токтотуп, бүгүн митингге чыктык. Өкмөт ушул маселени чечип берип койсо болмок. Буга чейин шайлоо деп чуркап жүрүштү, акчаңарды беребиз деп тил эмизишти деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.05.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми сезонго 2кун калганда эптеп септеп бутту кылышат да. Жүдөдүк го
11.05.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жумушчунун акысын тери кургай электе бергиле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: