ЖЫЛНААМА, 11-МАЙ: Испаниялык легендарлуу футболчу Андрес Иньеста 34 жашка толду
“Барселона” футболдук клубунун оюнчусу, испаниялык футболчу Андрес Иньеста 1984-жылы 11-майда Испаниянын Фуэнтеальбилья шаарында жарык дүйнөгө келген.
"Барселонанын" курамында алгачкы ирет 2002-жылы Чемпиондор Лигасынын алкагында "Брюгге" менен болгон беттеште оюн талаасына чыккан. Ошондон бери каталониялык команданын курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын 4 ирет (2005/06, 2008/09, 2010/11, 2014/15);
Испаниянын чемпиондугун 9 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011, 2013, 2015, 2016, 2018);
Испан Кубогун 6 ирет (2009, 2012, 2015, 2016, 2017, 2018);
УЕФАнын Суперкубогун 3 ирет (2009, 2011, 2015);
Испаниянын Суперкубогун 7 ирет (2005, 2006, 2009, 2010, 2011, 2013, 2016)
Клубдар аралык Дүйнө биринчилигин 3 ирет (2009, 2011, 2015) жеңген.
Ошондой эле “Барселона” үчүн 672 оюн өткөрүп 57 гол киргизген.

Ал эми Испаниянын курамында 2008, 2012-жылдары Европа чемпиону, 2010-жылы Дүйнө чемпиондугунда Голландиянын дарбазасына гол киргизип, Испаниянын курамында дүйнө чемпиону аталган. Испания үчүн 125 оюнда 13 гол киргизген.


Айта кетсек, Иньеста буга чейин "Барселонанын" курамында акыркы сезон ойноп жаткандыгын билдирген.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















