super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз кикбоксчу Рустам Ибрагимов чемпиондук курду тагынды

 
Чемпиондук курду ээлери Рустам Ибрагимов менен Юлия Борисова жана машыктыруучу Тахир Марасулов
Чемпиондук курду ээлери Рустам Ибрагимов менен Юлия Борисова

Бүгүн, 11-майда кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчу Рустам Ибрагимов чемпиондук курга ээ болду.

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алган Азия чемпиондугунда 60 килограммга чейинки салмак ченинде чемпиондук кур ойнотулду. Анда аталган кур үчүн Кыргыз кикбоксчу Рустам Ибрагимов менен ирактын спортчусу Хусейин Алсаад беттешти. Беттештин башталышында эле, Ибрагимов атаандашына бир нече таамай сокку узатып, нокдаунга учуратканга үлгүрдү. 2-раундда Рустам Ибрагимов Алсаадды 3 жолу нокдаунга кетирип, айласын кетирди. Натыйжада ирактык мушкер беттешти улантуудан баш тартып чемпиондук курдан кур калды. Муну менен Кыргыз кикбоксчу Рустам Ибрагимов чемпиондук курдун ээси болду.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз мушкер Юлия Борисова дагы чемпиондук курду багындырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.05.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маралбектин балдары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: