"Run the Silk Road" VII эл аралык марафонунун жеңүүчүлөрү аныкталды




Илья Тяпкин

Аман Момуналиев

Азамат Нуржан уулу

Бүгүн, 12-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Run the Silk Road" 7-эл аралык марафондун жеңүүчүсү жөө күлүк Илья Тяпкин болду.
СССР спортунун эл аралык класстагы чебери Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган мелдеште 2 миң 300гө жакын спортчу күч сынашты. Алар 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97 метр аралыкка, 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка чуркашты.
Мелдештин жыйынтыгында 42 чакырым 195 метр аралыктагы жарышта 1-орунду Илья Тяпкин камсыздады. Бул ийгилиги менен Тяпкин катары менен 2-жолу аталган мелдеште эң байгелүү орунду ээледи.
Марафондо 2-орунду Аман Момуналиев жеңсе, 3-орунга Азамат Нуржан уулу илинди. Эске салсак, Момуналиев аталган марафондо 2015-2016-жылдары 1-орунду ээлеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Zainidin96

12.05.2018. 14:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Илья
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.