super.kg logo
  Саясат  

Мэр Иса Өмүркулов вице-мэрге жана 4 акимдин орун басарларына сөгүш жарыялады

 

Мэр Иса Өмүркулов вице-мэрге жана 4 акимдин орун басарларына бала бакчаларда тамак берүү жакшы уюштурулбагандыктан сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мэр бүгүн, 21-июнда райондук администрациялардын башчылары менен бала бакчаларда тамак берүүнү уюштуруу иштери боюнча жыйын өткөрдү. Мэрдин айтымында, окуу борборлору, санэпидмедстанция тарабынан балдарга берилип жаткан тамактын сапаты текшерилбейт. “Тамактын калориялуулугу тууралуу сөз айтпай эле коёюн. Бул жерде балдар жабыркап жатат. Бул убакта балдардын организми калыптанат да”,- деди Өмүркулов. Ал азыктардын сапатын текшерип туруу үчүн ата-энелер комитетин түзүү сунушун айтты. Ошондой эле район жетекчилери бул маселени көзөмөлдөп турушу керектигин билдирди. “Эми кичинекей эле ката кетирсеңер жумуштан кетесиңер”,- деди мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: