super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөн шаарындагы Манас көчөсүндөгү таштанды 1 айдан бери чыгарылбай турат" дейт окурман

 

"Өзгөн шаарындагы Манас көчөсүндөгү таштанды 1 айдан бери чыгарылбай турат. Андан чыккан жагымсыз жыт тургундарга ыңгайсыздык жаратууда" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына жөнөткөн.

Билдирүүгө караганда, Манас көчөсүндөгү таштанды таштоочу урнадагы таштандырлар 1 айдан бери алынып кете элек.

"Таштандыдан чыккан жагымсыз жыт жана ага келген чымын-чиркей, жолбун иттер жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Таштанды көбөйгөндөн-көбөйүп ар кайсы жерге чачылып тегерек-четтин баарын булгап жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.05.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи эле Өзгөндүн борборундакы көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегиндеки мусор салган контейнерлерди качаан тегереги чачылып ашып ташып жатканда зорго жыйнашат.Мойнунан байлаган иттей болуп илең салаң иштешип.Негизи эле Өзгөндүн мери шаардын ортосундакы көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегине көңүл бурбайт.Борбордоку үйлөргө көптөгөн акча бөлүнөт экен бюджеттен,ошолорду ким кайда жумшайт текшерген адам барбы деги.Же сол чөнтөкө солонуп жатабы.
12.05.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзгөндүн мэри өзбек. Негизинен кыргыздар көп кабаттуу үйлөрдө жашашат. Мэрге өзбектер жашаган аймактар маанилүү.
13.05.2018. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа,туура айтасын.Озгондо [moderated]дын туалетке чейинки жолдоруна чейин асфальт тошоп,маалаларын ондотуп берет.Бечара кыргыздар суу баскан,таштанды баскан домдорго тыгылып отурушат.Караган кабар алган адам жок.Арыздана берип чарчадык дешет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: