super.kg logo

Малайзиянын мурдагы премьер-министри Нажиб Разакка жана анын туугандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

 

Малайзиянын мурдагы премьер-министри Нажиб Разакка жана анын туугандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу 12-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Разак жана анын жубайы өлкөдөн чыгууга тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизилди. Нажиб Разак 9-майдагы парламенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин жубайы менен Индонезияга кетүүгө камынып жатканын социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган.

Өкмөт 1MDB мамлекеттик фондунун тегерегиндеги коррупциялык чыр-чатактын негизинде иликтөө ишин жандандырган. Разак 2015-жылы аталган фондго байланыштуу уюмдан 700 миллион доллар алганы боюнча айыпталып келет. Кийинчерээк Малайзиянын башкы прокурору Мохамед Апанди Али андан коррупция боюнча айыпты жокко чыгарып, акча Сауд Арабиясынын падышасынын үй-бүлөсүнүн атынан белек катары берилгенин айткан.

Наджиб Разак 1976-жылы 23 жашында депутат болгон. Ал эми 1978-жылы болсо энергетика министринин орун басары болуп дайындалган. 2004-2008-жылдары каржы министри, 2008-2009-жылы коргоо министри болуп эмгектенген. Ал эми 2009-жылы премьер-министр кызматына келген.

Малайзияда 9-майда парламенттик шайлоо өтүп, 92 жаштагы ардагер саясатчы Махатхир Мохамаддын оппозициялык биримдиги жеңишке жеткен. 10-майда Малайзиянын падышасы Махатхир Мохамадды өлкөнүн премьер-министрлигине дайындаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
12.05.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жарыялабай эле кача бербепсин).
13.05.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодо парламенттик олконун баары онуккон. Текебаев деле ушуларды коруп отуруп жазган. Бирок, кыргыздар озубуз даяр эмес экенбиз. Бир адамга кулдук урганга уйронуп алганбызбы. Депутаттын баары эле президентти акелеп журот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: