super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз дзюдочу Эрлан Шеров жаштар арасындагы Азия чемпиондугун багындырды

 

Кыргыз дзюдочу Эрлан Шеров жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалды багындырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын вице-президенти Абай Молдоканов билдирди.

Аталган мелдеш Ливандын Бейрут шаарында орун алып, 13-май күнү жыйынтыкталды. Анда Кыргыз дзюдочу Эрлан Шеров 81 килограмм салмак ченинде финалдык беттеште атаандашын жеңип, чемпиондукту камсыздай алды.

Ошондой эле 100 килограммга чейинки салмак ченинде Керим Казатов жана 78 килограммдан жогорку салмак ченинде Кристина Нежникова коло байгелерге ээ болушту.

Айта кетсек, Эрлан Шеров Азия Кубогунун алтын медалынын жана Европа кубогунун күмүш медалынын ээси.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: