super.kg logo

Израиль премьери дүйнө өлкөлөрүн АКШдан үлгү алууга чакырды

 

Израиль премьер-министри Биньямин Нетяньяху бардык өлкөлөрдү элчиликтерин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Израилдин Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-майда АКШ Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрөт. "Мен бардык мамлекеттерди АКШдан үлгү алып, элчиликтерин Иерусалимге көчүрүүгө чакырам. Силердин бул кадамыңар дүйнөлүк иштерге аралашууңарга мүмкүндүк берет", - деди Нетяньяху.

Айта кетсек, бүгүн боло турган АКШнын элчилигинин ачылуу аземине президент Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп менен анын жолдошу Жаред Кушнер катышат. Ошондой эле Гватемала менен Парагвайдын президенттеринин катышуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын билдирген.

Ал эми 2017-жылы 21-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп атоого каршы добуш берген. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 128 мамлекет АКШны бул чечимден баш тартууга чакырса, 35 мамлекет добуш берген эмес, ал эми 8 өлкө АКШны колдогон.

Белгилей кетсек, бир катар Батыш өлкөлөрү Иерусалимди Израилдин борбору катары таанышпайт. Палестиндер өзүнө эски шаарды камтыган, мусулман, христиан жана еврейлердин ыйык жайлары жайгашкан Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болушу керек деп талап кылып келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
14.05.2018. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо биздикилер да улгу алышы керекпи израилден интересно
14.05.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өзүңөр үлгү ала бергиле израил акшдан биз эмес акшны колдогон жмот
14.05.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жооттор системасы да. БУУну АКШ укпайт, то есть башка мамлекеттердин оюн ИТ ургончо да корбой, акмак америкостор
14.05.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АКШ атасыда Израильдин
14.05.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иерусалим мусулмандардын жери акш элчилигин кочурсо бирдемке башталатко мусулмандар буга жон карап турбаса керек
14.05.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adoi,уже башталды, атып атышат палестиндерди, 37 киши олду деп жатат сми
14.05.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми терроризм кучойт экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: