super.kg logo
  Саясат  

Адвокат: "Садыр Жапаровдун камалышы - саясий чечим, аны саясий жол менен гана чыгарууга болот"

 

Садыр Жапаровдун камалышы - саясий чечим, аны саясий жол менен гана чыгарууга болот. Мындай пикирин бүгүн, 14-майда Бишкекте өтүп жаткан "Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш" деп аталган иш-чарада Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Жапаровду күбө катары чакырып, суракта 10 саат жөн гана кармап отуруп, кийин кылмыш ишин козгоду. Атайын уюштурулган көрсөтмөлөр менен аны камап отурат. Бишкек шаардык сотунда күбөлөрдү "алып келгиле" дегенде келтирбей, жок нерселер менен эле соттоп салышты", - деди Токтосунов.

29-майда Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин карамакчы.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: