Лейлекте жаандан кийин турак жайларды каптаган селден улам өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди





Баткен облусунун Лейлек районунда жаандан кийин каптаган селден улам өзгөчө кырдаалдар тартиби киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өтүп, “Лейлек районда өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү жөнүндө” чечим чыгарылган. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга керектүү тапшырмалар берилип, Жарандык коргонуу комиссиясынын штабы түзүлгөн.
Мындан сырткары басма сөз кызматынан кырсыктан жабыркагандарды тактоо жана кырсыктын кесепетин жоюу иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалашты.
Айта кетсек, буга чейин аталган райондун акими 13-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Лейлек районунда сел жүргөнүн кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Jango

14.05.2018. 12:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык мчс ти тартыш керек лейлеке жардамга границаны го эледер озу чечип алышат жаратылыш кырсыгына хотя бы жардам берсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.