super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аким: "Ак-Талаадагы көпүрөнү куруу иштери жүрүп жатат, элдин коопсуздугун милиция көзөмөлдөөдө"

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурмандардан Нарын суусуна курулган көпүрө оңдолуп бүтпөй жатканына байланыштуу калк суу кечип өтүүгө аргасыз болуп жатканын кабарлашкан эле. Бул боюнча райондун акими Нурбек Кадыров учурда абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, көпүрө реконструкция болгонго чейин убактылуу көпүрө курулган. Жакын арада жааган жаанда ал көпүрөнү суу алып кеткен. Ушул тапта райондогу Куртка, Тоголок Молдо, Жогорку-Май жана Ак-Кыя айылдарынын тургундары район борборуна жете албай кыйналууда.

"Транспорт жана жолдор министрлигинин суранычынын негизинде, 8-майда көпүрөнүн эки тарабы жабылган. Учурда эски көпүрөнүн талапка жооп берген бөлүгү менен жаңы көпүрөнү кошуу үчүн иштер аткарылууда. Буга чейин эски көпүрөнүн бир тарабынан тургундар үчүн жол ачып бергенбиз. Кечээ күнкү жаандан улам суунун деңгээли көтөрүлүп убактылуу курулган көпүрөбүздү суу алып кетти. Мунун кесепетинен райондун борборуна барууда жергиликтүү тургундар үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Учурда жарандардын коопсуздугун алдын алуу үчүн атайын милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат", - деди Кадыров.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын жазында көпүрөнүн жээгин суу жеп, мамычалары чөгүп баштаган. Көпүрөнү куруп баштаган "Кербен жол курулуш" компаниясы мыйзам бузууга жол бергендигине байланыштуу оңдоо иштери токтотулган. Быйыл көпүрөнү курууну башка компания колго алган.






Ак-Талаадагы көпүрө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.05.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция кантип коопсуздугун карайт сууга агып кетсе суудан чыгарабы. Же мен түшүнбөй калдымбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: