super.kg logo

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сатылып алынган 10 телефон уурдалды

 

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга деп сатылып алынган 10 телефон уурдалды. Бул тууралуу активист Айнагүл Абдрахманова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, телефондор кечээ, 13-май күнү болжол менен саат 15:00дөн 16:30тар чамасында уурдалган.

"Телефондор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналып сатылып алынган. Кечээ саат 15:00 чамасында Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине унаамды токтотуп, жарым саатка үйгө кирип чыккам. Кайра келип эле унаамдан телефондорду таппай калдым. Машинамды талкалап деле кетишпептир, эч нерсе байкалбагандай уурдалыптыр", - деди ал.

Абдрахманованын айтымында, уурдалган телефондор боюнча Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган.

"Бул телефондор Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бүгүн, 14-майда тапшырылмак. Себеби балдарды IT-академиясына өтүшү үчүн эки ай бою компьютер пайдаланууну үйрөткөнбүз. Алар телефондон ар кандай сабактарды көрүп, окууга даярданышмак. Учурда мен Ош шаарында иш сапарында жүргөндүктөн, бул окуя боюнча жолдошум териштирип жатат. Кандай жол менен уурдалганын түшүнө албай жатам. Телефондордун жалпы суммасы 58 миң 200 сомду түзгөн. Ошондой эле ал акча атайын чогултулган", - деди Абдрахманова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.05.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Артынан тушуп, байкап калган да. Болбосо кайдан билмек эле машинада телефон бар экенин. Ким уурдаса да, жазасын алсын!
14.05.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ким алса да, же өзү алдаса буйрубасын акмактар экен!
14.05.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен цумдун жанына 15 мүнөт машинамды токтотуп кирип чыкыча нотбугум жок деп кой мени тангалдырганы кантип билди менде нотбук бар экенин замокту талкалап салыптыр
14.05.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир бири бирине дал келбеген окуя экен,кантип эле ошондой болмок эле тоба,Табылып калсан,бул жерден телефондорду пайдаланып кеткендер эсинерге келгиле азабын тарта электе
14.05.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишениш кыйын айла жок, табылып калсын балдардын ырыскысына.
14.05.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Түшүнүксүз ..кандайча эшик талкаланбаса жарым саат ммм кудай билет
14.05.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу сатып акчасын жеп куноону бироого артып жаткан жокпу? Тергоочулор жакшылап тергегиле! Эгер озу жеп алганы билинип калса шерменде эле болот!
P.S. Эгер ошол телефондор оз акчасына алынганда эч качан кароосуз калтырбаса керек))) озу менен кошо которуп кирмек!
15.05.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ал жагы бизге карангы эми сизге ишенип акчаны бергенден кийин Телефондорду алып келип колго тапшыруу сиздин милдетиниз и жоопкерчилигиниз болот эми сиз жоготсонуз сиз толойсуз анан нары жагын органдар теришитире беришсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: