super.kg logo

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары селден кандай зыяндарга учурады? Бардыгы тууралуу кыскача...

 
13-майда өлкөнүн түштүк аймагы Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Кырсыктын кесепетинен дамбалар бузулуп, ички чарбалык жолдорду, арыктарды жана турак үйлөрдү сел каптады.
Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Исфана шаарынын Чимген, Самат айылдарында сел жүргөн. Кырсыктын кесепетинен 10 турак үй, 4 социалдык объект жана 14 айдоо аянтчасы жабыркап, 1 көпүрөнү сел алып кетти.
Ак-Суу айыл аймагынан Суу-Башы, Ак-Суу, Алга айылдарында сел жүрүп, бир социалдык объект, 5 бодо мал жана 2 электр мамычасы агып кеткен.
Бешкент айыл аймагында Эски-Оочу айылында селден улам 6 турак үйгө жана 2 сарайга суу, 20 үйдүн короосуна шагыл толуп, 3 бодо мал агып кеткен.
Кулунду айыл өкмөтүндө сел мал-жандыкты жана Hyundai Porter үлгүсүндөгү 1 унааны агызып кеткен. Учурда канча мал акканы аныктала элек. Жашоочулардын 3 миң гектар жерин сугат суу менен камсыз кылып турган каналдын 2 жерине шагыл толуп калган. Анын кесепетинен сугат суу алуу көйгөйү жаралды.

Маргун айыл аймагынын Даргаз, Дархум жана Чурбек айылдарында да сел жүрүп, үйлөрдүн короолоруна суу толгон. Кырсыктан алты бодо мал сууга агып, айдоо жерлери жабыркаган.

Катуу жааган жамгырдан Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Туу жана Кара-Суу айыл аймактарында сел жүргөн. Табият кырсыгынан Кызыл-Туу айылынан 17 турак үйдүн 47 даана шифери, 153 чарчы метр темир тунукелери учуп кеткен. Ошондой эле 9 чарбалык курулуштардын 37 даана шифери, 126 чарчы метр темир тунукелери жана 1 мектептин 20 даана шифери учуп, 0,75 чарчы метр айнеги жараксыз абалга келген.
Ал эми Ош шаарынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда дагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, үйлөрдү каптады. Өзгөн районунун Мырзаке айылында 18 үйдүн короосун суу каптаган. Ал эми ошол эле жамгырдан Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылында сел жүрүп, 12 үйдү суу каптады.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлек жана Аксы райондоруна өзгөчө кырдаалдар тартибин киргизди. Учурда бардык зыяндар эсептелип, такталууда.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым баарыбызды бөөдө-кырсыктан сактасын!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: