Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө кирип, уулуна ок чыгарган адамдар дале табыла элек
Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө кирип, уулуна ок чыгарган адамдар дале табыла элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө кирип, уулуна ок чыгарган адамдар дале табыла элек, учурда издөө иштери жүрүп жатат. Ал эми факты боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан "уурулук" жана "каракчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, 3-май күнү Аалымдар кеңешинин төрагасы, дин ишмери Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирген белгисиз эки адамдын огунан 21 жаштагы уулу жабыркаганы кабарланган. 7-майда Абдышүкүр Нарматов SUPER.KG'ге окуянын кандай орун алганын айтып берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Аракечтер арагын таштап,элдин баары Ыйманын ондоп мечиттерге барып жатса, Кээ бирлер тескери басат.
Соз бар эмес беле Эшекти отко айдасан б..ко качат деген.
Менин башымдан откону учун айтып атам.
Озунорчо шайтандын идеаларын карманып алып асмандарда учуп журо бербей жерге тушкуло,Кичине ойлонуп онолгула.Мечиттерге баргыла.