super.kg logo
  Саясат  

Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын башчылыгынан бошотулду. Анын ордуна Алмаз Оңолбеков келди

 

Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан өзүнүн берген арызынын негизинде кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, анын ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалды. Ал Бажы кызматында 1993-жылдан бери иштеп келген. Буга чейин ал "Түндүк" бажысында ыкчам бөлүмдүн башчысы болгон.

Айта кетсек, 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМКга сурак берип чыккан. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, УКМКга Бишкектин мэри болуп турган учурунда кытайлык ТВЕА компаниясы берген акчанын эсебинен салынган мектеп боюнча чакыртылганын билдирген.

Өмүр таржымалы:

Кесиби боюнча тарыхчы Кубанычбек Кулматов буга чейин төмөнкү кызматтарда эмгектенген:
2004-жылы - Бажы кызматынын департаменти, кирешелерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
2004-2005-жылдары - Бажы кызматынын департаменти, кирешелер боюнча комитетинин башчысынын орун басары;
2005-2006-жылдары - Мамлекеттик бажы кызматы, инспекциянын башчысынын орун басары;
2006-2007-жылдары - Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын кеңешчиси;
2007-жылы - Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
2010-2013-жылдары - Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы;
2013-жылы - президенттин кеңешчиси;
2013-2014-жылдары - өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
2014-2016-жылдары - Бишкек шаарынын мэри;
2016-2017-жылдары - Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы;
2017-жылдын сентябрь-декабрь айлары Улуттук банктын төрагасы;

2017-жылдын декабрь айынан тарта 2018-жылдын 14-майына чейин Бажы кызматынын башчысы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: