super.kg logo
  Саясат  

Абактагы саясатчыларды бошотуу үчүн атайын жаңы мыйзам кабыл алуу сунушталды

 

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов "саясий туткундарды абактан бошотуу үчүн атайын жаңы мыйзам кабыл алуу керек" деди. Мындай сунушун ал бүгүн, 14-майда "Демократия жана саясий туткундар - бири-бирине коошпогон көрүнүш" аттуу форумда айтты.

"Биздин өлкөдө саясий көз карашы боюнча туткунда жаткан адамдарды "саясий туткундар" деп таануунун мыйзамдары, механизмдери жок. Эл аралык уюмдар убагында Феликс Куловду саясий туткун деп тааныган. Бизде ошондой таануунун жолдору бир да мыйзамда жок. Бүгүнкү күндө коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бир топ белдүү саясатчыларга ар кандай айып коюлуп абакта жатышат. Бул коомчулукту тынчсыздандырат. Муну чечүүнүн кандай жолу бар?

Парламент атайын мыйзамды кабыл алуу жолу менен ушул маселени жылдырса болот. Бул үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия корутунду даярдап, парламентке сунушташы керек. Жогорку Кеңеш өз кезегинде атайын мыйзам кабыл алып, андан кийин соттор кайра караса болот", - деди Осмонов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: