super.kg logo
  Саясат  

Кожобек Рыспаев: "600 долларга кычкач алса, аткаруу бийлиги каякты карап турган"

 

Өткөн аптада КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборундагы кырсык үчүн бардыгы, алардын катарында президент Сооронбай Жээнбеков да жооп бериши керектигин айтты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын узаткан соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин жообу мындай болду.

Рыспаевдин айтымында, бул маселеде ким жооптуу экенин тиешелүү органдар гана аныктайт. "Бул нерсе укук коргоо органдары аныктай турган маселе. Ал эми Жогорку Кеңеш бюджет менен иши жок, келишимди парламент ратификациялагандан кийин аны аткаруу бийлиги аткарат. Аткаруу бийлиги акчаны жеп алса, көзөмөлдөбөсө, кимдер жоопкерчилик аларын билесиңер да, ошолор жооп берсин. 14 миң долларга көзөмөл камера алса, 600 долларга кычкач алса, аткаруу бийлиги каякты карап турган? Бул деген насыяга келген акча да. Ким күнөөлүү болсо ошол жооп берсин!" - деди Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, саясат таануучу Марс Сариев жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: