super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу: "Сапар Исаковго караганда Жантөрө Сатыбалдиевдин күнөөсү көбүрөөк"

 

Өткөн аптада КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборундагы кырсык үчүн бардыгы, алардын катарында президент Сооронбай Жээнбековда жооп бериши керектигин айтты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын узаткан соболуна саясат таануучу Марс Сариев төмөнкүдөй жооп узатты.

Сариев бардык жагдайды карап чыкпаса, маселе бир жактуу чечилип каларын айтат. "Сапар Исаков туура айтып жатат. Башында бул долбоорго Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаевдин учурларында кол коюлуп башталбады беле? Ошондой эле Кытайга кайсы депутаттар иш сапары менен барып, кол койгонун баарын казып чыгыш керек. Баарын иликтеп, тегиз карабаса, бир жактуу эле болуп калат, Сапар Исаковго караганда Жантөрө Сатыбалдиевдин күнөөсү көбүрөөк, алар биринчи кол койгон. Бийликте турабы, оппозицияда болобу, бул маселеде иликтөө тегиз жүрүшү керек", - дейт Сариев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Кожобек Рыспаев, саясий ишмер Азимбек Бекназаров жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: