super.kg logo

АКШда кара терилүү жигит менен жолугушкандыгы үчүн жаш кызга кислота чачып кетишти

 

АКШнын Техас штатында жашаган 18 жаштагы Альма Понсе кара терилүү жигит менен жолугушуп жүргөндүгү үчүн анын жүзүнө белгисиз адамдар кислота чачып кетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматта жазылгандай, окуя болгон түнү ал апасы жана иниси менен үйүнө келе жаткан. Ошол учурда чоочун адам алардын үйүнө кире бериш жердеги жарыкты өчүрүп койгон. Апасы дарбазаны ачканча кызынын бетине кислота чачып жиберишкен.

"Мен дароо эле бассейнге чуркадым, андагы суу менен күйүктүн оорусун басаңдатуу аракетин көрдүм, бирок эч кандай жардам болгон жок. Бетимдин териси агып бараткандай туюлду, кислота көзүмдүн ичине да кирип кеткендиктен көзүм такыр көрбөй калды", - деген ал.

Альманы дароо ооруканага жеткиришкен. Анын жүзү, моюну жана төшү күйгөн. Полиция жаш кыздын тагдырын талкалагандарды таба албай жатканы менен кол салуунун себептерин расалык бөлүнүүчүлүктөн улам келип чыккан деп атаган. Анткени ошол күнү Альманын терезесинде анын мурда кара терилүү жигит менен жолугушуп жүргөнүн билдирип, шылдыңдаган граффити пайда болгон.

"Мен ошол күндү күн сайын эстеп, ойлоном. Эсимден кетпей коркунуч коштоп жүрөт. Мунун баары түш болуп калса деп тилеп, күзгүгө келип күйүктөн калган тактарды көргөндө көңүлүм чөгөт. Азыр сыртка чыккандан корком, алар мени аңдып жаткандай, дагы кол салчудай сезилет", - деген Альманын билдирүүсүн жазышкан чет элдик басылмалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
14.05.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-32
Башка улуттун жигиттер менен жолуккан кыргыз кыздарын да ушундай кылыш керек,айрыкча Россиядагыларды
14.05.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Hernandez,а озубуздун кыргыз кыздарын боюнда кылып таштап кеткен ар кайсы кызды бузуп жургон аялын балдары мн таштап кеткен эркектерди эмне кылыш керек...
erlist түзөттү 2018-05-14 21:52:15
14.05.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
erlist, ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-15 14:54:05
15.05.2018. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
erlist,тубунон кесип салыш керек
14.05.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Hernandez,кыргызстанга балачакасын келинчегин таштап коюп,келинчегин хиджап кийгизип коюп,типа молдо болумуш болуп москванын секелек кыргыз кыздарын бузган кыргыз эркектерине анда кандай чара колдонулат. Ошондо секелек кыздарга барбаш учун,бузбаш учун каягына кислота чачыш керек. Именно мен жашаган квартирада 18жаштагы кыздыбоюнда кылып туруп таштап койду. Боюнан алдырганга акчасы жок кыздын срогу чоноюп алдырды бташтадыНикелеп алса болот беле кызды кылгандан кийин ишти.Типа патриот боло бербечи
14.05.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай берет жазасын куноого батпайлы
14.05.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болунгонду бору жейт болуптурда
14.05.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн башкысы адамбыз го айбан эмес.
14.05.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Нацист болбогула!!!нацист адамдар ичи тар ,алысты коро албаган ,орой маданиятсыз,ички дуйносу тар адамдар!!!бул билимсиздик,сабатсыздык!!!
15.05.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур ,бирок мен Жана башкадар дворго балдарыбыз менен чыксак орустар коп да бала да ошолорго барып алат ,балдарына кызыгып ,иди от сюда деп болуп жерип турат. Ичимден жаман болом ошондо мен нацист болуп каламбы
15.05.2018. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zoluwka6666, Биздин карангы эл жакшы коруп Россияга кошулабыз деген манкурттар орустарды коруп билбейтда. Алардын дээрилик баары озумчул.
15.05.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсин барда этегинди жап дейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: