super.kg logo

Аксыда кайрадан сел жүрүп, 20 турак үйдүн короо-жайын каптады

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кайрадан сел жүрүп, Кош-Дөбө, Ак-Жол айыл аймактарындагы 20 турак үйдүн короо-жайын, жолдорду каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"2018-жылдын 14-май күнү саат 16:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен улам сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду, Атана жана Бай-Кыштак айылдарындагы 20 турак үйдүн короосун суу каптаган. Жаңгак айылындагы 180 кожолукту тейлеген таза суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлерин сел жууп кетип, ичүүчү суу үзгүлтүккө учураган. Учурда тактоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Айта кетсек, 13-майда катуу жааган жамгырдан улам, Кара-Суу айыл аймагынын Шергазы жана Жаңы-Айыл айылдарын сел каптап, мал-жандыктан бери агызганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: