Депутат: "Макмалдагы" өрттөн келтирилген чыгымды кытай тарап талап кылууда"
Кытай тарап Тогуз-Тородогу "Макмал" алтын кенинин тургундар өрттөгөн имаратынын чыгымын төлөтүү ниетинде. Мындай маалыматты бүгүн, 15-майда парламенттин тармактык жыйынында депутат Айтмамат Назаров билдирди.
Анын айтымында, "Макмалдын" жаңы курулуп жаткан имараты боюнча тийиштүү мекемелер милдетин так аткарган эмес. "Мен бул маселени жөн жерден көтөрбөдүм. Бул окуя орун алгандан кийин Кытайдын элчилигине бардым. Кытайдын расмий өкүлү бул иш боюнча күнөөлүүлөр жазаланып, чыгашалар төлөнүп берилсин деди. Бул биздин эмес, Кытай өкмөтүнүн талабы. Курулуштун эмнеси мыйзамсыз болчу?" - деп кызыкты эл өкүлү.
Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун айтымында, азыркыга чейин келтирилген чыгым толук эсептелип бүтө элек. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов келтирилген чыгымды Кытай тарапка төлөп берүү маселеси карала электигин айтты.
Маалыматка караганда, курулуш иштери 2017-жылдын жай айында башталып, өрттөлгөн учурда 80 пайызы бүтүп калган.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган.
Учурда парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети "Макмал" кениндеги окуяга байланыштуу протоколдук тапшырманы талкуулап жатат.


Тиги депутат Кытай койгон эл окулбу, кытай элчилигине барып указание алып келип отурат!!! Качанга чейин Кытайдын козун карап бужуройсунор?!!