Ошто скутер токтоп турган унааны сүзүп айдоочусу жаракат алды
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгы Кара-Суу районунун Сарай айылындагы Ала-Тоо көчөсүндө болгон. Анда 27 жаштагы тургун скутер менен бара жатып жол жээгинде токтоп турган Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Натыйжада скутердин айдоочусу жаракат алган, ал эми скутерден түтүн чыгып өрт өчүрүү кызматы чакырылган, бирок өрттөнгөн эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.