super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ИИМ: "Өзгөндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдагы белгилерге маани бербеген айдоочулар жоопко тартылат"

 

Өзгөндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдагы белгилерге маани бербеген айдоочулар жоопко тартылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайга унаасын токтоткондорго издөө иши жарыяланды.

"Өзгөн райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери буга чейин жөө жүргүнчүлөр өткөн тилкелерге унаасын токтоткон айдоочуларга чара көрүп келген. Жол эрежесин бузган айдоочуларга административдик протоколдор толтурулуп тийиштүү чаралар көрүлгөнү менен ИИМ кызматкерлери кеткенде, айдоочулар базарга кирип-чыга коём деп унааларын токтотуп кетип калышат. Алдыңкы күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга тийиштүү чаралар көрүлдү. Жол эрежелерин одоно бузгандарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт", - деди Теңизбаев.

Айта кетсек, "Өзгөн шаарында айдоочулар жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөгү белгиге маани беришпейт" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабарга" жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.05.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обязательно элдик кабарга чыгармай сайын,озунор билип оз ишинерди кылсанар болбойбу?Качан бироо кырсыкка кабылганда или реклама болгондо анан жоопко тартабыз деп чыгпастан!!!
16.05.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай чара корулмок эле. Эреже бузган айдоочу МАИ кызматкеринин башына 500 сомдук Бир чапса эле коюп жиберет эч кандай протокол тузбой эле,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: