super.kg logo
  Саясат  

Канатбек Азиз: "Арабаевдин кетиши - Атамбаевдин заманындагы киши кызматтан кетти дегендик"

 

Канатбек АзизБүгүн, 15-майда Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевди кызматынан бошотту. Акыркы мезгилде коомдо бул бөлүмдү жоюп салуу сунуштары айтылууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Ак Үйдөгү сотторго кураторлук кылган кызматты калтыруу керекпи же жоюп салган оңбу?" деп собол салды.

Саясий илимдердин доктору Канатбек Азиздин айтымында, аталган бөлүмгө келчү жаңы адам өз милдеттерин туура аткарса, ал өлкөгө пайда алып келет.

"Конституцияга ылайык, президентке Жогорку Сотко судьялыкка бара турган талапкерлерди аталган бөлүм көрсөтөт, алар жөнүндө толук маалыматты берет. Милдети ушундай болгону менен, тилекке каршы, 7 жылдан бери бул бөлүм сотторду башкарып калган: талапкерлерден ким өтөт, ким өтпөйт, ким соттолот, кандай чечимдер чыгат, ушул максатта иш алып барып келет. Манасбек Арабаевдин кызматтан кетиши - Алмазбек Атамбаевдин заманындагы киши кетти дегендик. Ал сотту башкара албай калды деп түшүнсө болот", - дейт Канатбек Азиз.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Максат Сабиров, Алмамбет Шыкмаматов, жарандык активист Улан Жумаковдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: